www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын баатыры, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Медеткан Шеримкулов өзүнүн айылындагы мектепти мыйзамсыз менчиктештирип алган. Бул тууралуу Reporter.kg өздүк булактарга таянып жазды.

Белгилүү болгондой, 18-сентябрда УКМК Жыламыш айылында 200 орундуу мектептин имараты жана ага караштуу 20 гектар жер мамлекетке кайтарылганын кабарлаган. Атайын кызматтын маалыматы боюнча, ал мектеп 1998-жылы мыйзамсыз менчикке чыгарылып кеткен. Учурда ал иштебей турат. Көрүлгөн чаралардын натыйжасында анын ээси М.Ш. мектепти мамлекетке өз ыктыяры менен кайтарган. Анын азыркы баасы 376 млн 339 миң сомду түзөт.

УКМК тараткан маалыматтан кийин соцтармактарда бир нече адам мектепти менчиктеп алган киши Медеткан Шеримкулов экенин жазып чыгышкан. Бирок Шеримкулов «Азаттыкка» ал жерге тиешеси жок экенин айткан.

Медеткан Шеримкулов 1939-жылы Чүйдүн Жыламыш айылында төрөлгөн. «Легендарлуу парламенттин» төрагасы болгон. 2022-жылы ага «Кыргызстандын баатыры» наамы берилген.

Последние новости