www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баткен облусуна караштуу Лейлек элинин чек арада жайгашкан тургундары бийлик төбөлдөрүнө Кайрылуу жасады.
Урматтуу кыргыз элим! Баткен окуясы ар бир кыргызды ойлондурган маселеге айланды. Адамдын өмүрү бардык дүйнөдөн артык турат. Бизге келген маалыматка таянсак, абал туруксуз. Ошондуктан чек арада жашаган жарандар айрыкча Лейлек, Максат жана Арка айылдарынын жарандары сиздерди 28-январь күнү эвакуация болушуңуздарды өтүнөбүз.
Дагы кайталап айтабыз, адам өмүрү баарынан кымбат, мал-мүлк табылат мамлекет бар. Тажик тарап чектешкен айылдарга жарандарын 10 километрге чейин киргизди. Азыркы убакта жарандарын ташуу иштерин улантып жатат. Алар 27-28-январдан, 5-февраль күндөрүнө чейин согуш жарыялады.
Биздин бийлик «приказ жок» деп, кадимки позицияда тура берет. Сабыр менен келе жатабыз. Чектешкен айылдар согуштун майданына айлануу коркунучу бар. Азыркы күндө тажик аскерлери танка, бардык жардыруучу техникаларын биздин чектешкен айылдарга каратып турат. 23 миң аскери Худжант шаарында даярдыкта. Сак болбосок болбойт туугандар. Аталган аймактарда үй салуу, жана башка курулуштарды токтотуп турууңуздарды суранабыз. Согуш бүткөнчө чектешкен аймакка жакындабаңыздар. Баарыңыздарды сабырдуулукка чакырабыз, - деп Кайрылуу жасады Лейлек районун чек арада жайгашкан тургундары.
Эске сала кетсек, кечээ, 27-январда саат 17:00дөн 18:30га чейин Тажикстандын чек арачылары Баткен районундагы Баткен-Исфана жолунун Төрт-Көчө тилкесин мыйзамсыз тосуп салышкан.
Эки тараптуу сүйлөшүүнүн жыйынтыгында ок атууну токтотуу, эки тараптын чек арага тартылган кошумча күч жана каражаттарын мурдагы жайгашкан жерлерине алып кетүү, Баткен-Исфана авто жол каттамын ачуу, чыр-чатактардын күчөп кетпөөсүн алдын алып, чектеш аймактарда Кыргызстан менен Тажикстандын укук коргоо органдарынын кызматкерлери биргеликте кайгуул уюштуруу келишимдерге макулдашылган.
Булак: NazarNews.kg