www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эгемберди Абылкасымов Лейлек районунан Улуу ата-мекендик согушка катышкан акыркы ардагер эле. Ал быйыл 99 жашка чыкмак.

Ал Баткен облусуна караштуу Лейлек районунда 1923-жылы Кара-Суу айылында туулган. 1930-жылы айылдагы башталгыч мектептен билим алган.

Кабыргасы ката элек жатып, согушка аттанган ардагер Латвия, Литва, Сталинград салгылашууларга катышып, фашисттик Германиянын легендарлуу фельдмаршалы Паульсту колго түшүргөндөрдүн катарында болгон.

Согуштан кийин да эл чарбасын калыбына келтирүүгө олуттуу салым кошкон ата мындан беш жыл мурда Москвада өткөн Жеңиш парадына Москва шаарынын мэри Сабяниндин чакыруусу менен барып катышып келген.

1947-жылы туулуп өскөн жерине кайтып келип, Канигуттагы Сурьма комбинатында жумушчу, андан кийин эсепчилик кызматында иштеген. 1961-1962-жылдары Арка өрөөнүн өздөштүрүүгө Кара-Суудан элди көчүрмө кылганда бригадир болуп 2 жыл иштеп, карыган ата-энеси айылда калганы үчүн кайра келген. Лейлек айыл өкмөтү Баткен районуна карап турганда В.И.Лениндин 100 жылдыгы атындагы совхозунун 4-бөлүмүндө бригадир, селолук советтин төрагалык кызматын аркалаган.

Ата раматылык байбичеси Адалат эне экөөсү тарбиялап өстүргөн 5 кыз, 3 уулдан азыркы күндө 50 небере, 40 чебере, 2 гыбыра көрүп, алардын төрүндө бактылуу турмуш кечирген.

Эске салсак, Эгемберди Абылкасымов Лейлек жана Баткен райондорунан Улуу Ата Мекендик согушка катышкан акыркы ардагер болчу. Өтө кичи пейил, билимдүү, эл үчүн иштеген мыкты инсан болчу.

Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун. Жакындарына жана бир туугандарына көңүл айтабыз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости