www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Лейлек районунун аймагында «Арсенал» аталышындагы ыкчам алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Лейлек РИИБдин Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери тарабынан иш-чаранын жүрүшүндө 77 даана ок атуучу куралга ээ болгон жарандар текшерүүгө алынып, аларга куралды сактоо жана каттоо эрежелери кеңири түшүндүрүлдү. Ошондой эле кылмыштуулуктун алдын алуу жана болтурбоо багытында тиешелүү иштер жүргүзүлдү.

Мындан сырткары, эл көп топтолгон жайларда мыйзамсыз ок атуучу куралдарды сатууга бөгөт коюу максатында рейддик иш-чаралар уюштурулуп, тургундар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Ошондой эле ок атуучу куралдарды мыйзамсыз алып жүрүү, ташуу жана сатуу фактыларынын алдын алуу максатында 410 автоунаа токтотулуп, текшерүүдөн өткөрүлдү.

Последние новости