www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Лейлек районуна болгон иш сапарынын алкагында Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын директору Адилет Сотовалдиев райондогу мал союучу жайлардын жана мал базарларынын учурдагы абалы менен таанышты.

Кызматтан билдиришкендей, текшерүүнүн жүрүшүндө мал союучу жайларда ветеринардык-санитардык талаптардын аткарылышы, малдарды ветеринардык кароодон өткөрүү тартиби, эт азыктарынын коопсуздугун камсыздоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жана мал базарларындагы ветеринардык көзөмөлдүн уюштурулушу каралды.

Жыйынтыгында ветеринардык-санитардык коопсуздукту камсыздоо максатында көзөмөлдү күчөтүү боюнча тиешелүү адистерге бир катар тапшырмалар берилди.

Өзгөчө мал союучу жайларда санитардык-гигиеналык нормаларды так сактоо, союлган малды өз убагында ветеринардык экспертизадан өткөрүү жана мал базарларында ветеринардык коштоочу документтердин болушун камсыз кылууга көңүл бурулду.

Адилет Сотовалдиев ветеринардык-санитардык талаптарды сактоо калктын саламаттыгын коргоодо жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоодо маанилүү экенин белгиледи.

Мындан тышкары, санитардык талаптардын аткарылышын камсыз кылуу, ветеринардык көзөмөлдүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана мыйзам бузуулардын алдын алуу боюнча кошумча иш-чараларды жүргүзүү тапшырмасы берилди.

Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы мал чарба продукцияларынын коопсуздугун камсыздоо, эпизоотиялык туруктуулукту сактоо жана ветеринардык-санитардык көзөмөлдү өркүндөтүү боюнча иштерди мындан ары да улантарын билдирди.

Последние новости