www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Лейлек районуна "Нелегал" иш-чарасынын жүрүшүндө жасалма билет сатып жүргөн жаран аныкталды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 6-февраль күнү Лейлек РИИБге райондун жашоочуларынан 5 арыз келип түшкөн. Арызда Лейлек районунун тургундары Раззаков шаарындагы "My Travel" авиакассасынан Россияга учуу үчүн ар кайсы каттамдарга билет алып, бирок учуу убактысы келгенде аэропорттон алардын билети жасалма экендиги аныкталганын билдирип кайрылышкан.

Бул арыздар КР кылмыш жаза кодексинин "Алдамчылык" беренеси менен катталып, сотко чейинки тергөө иштери башталган.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө Лейлек РИИБдин Андарак айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан Сумбула айыл аймагынын Андарак айылынын 24 жаштагы А.Х. аттуу тургуну аныкталып, кармалды.

Учурда кармалган жаран тергөө бөлүмүнө камсыздалып, жалпысанан жабырлануучуларга 127 миң 475 сом зыян келтирилгендиги такталып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости