www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Лейлек районунун тургуну Ыкыбал Абдувалиева кыргыз-тажик чек арасын тактоо жана аймактарды алмашуу процессинен кийин турак жайсыз калганын айтып, бийликтен жардам сурап кайрылганын “Азаттык” билдирди.

Абдувалиеванын айтымында, 2022-жылдагы чек ара жаңжалынан кийин Кайрагачтагы үйү тонолуп, кийин ал үй Кыргызстанга өткөрүлгөнү менен өзүнө турак жай берилген эмес. Учурда жолдошу экөө Бишкектеги «Дордой» базарында картон куту терип күн көрүп, ижарада жашап жатышат.

Бул маселе жергиликтүү бийликтин эл менен жолугушуусунда көтөрүлүп, Лейлек райондук администрациясы көз карандысыз комиссия карап жатканын билдирген. Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү болсо Министрлер кабинетинин чечиминен кийин комиссия мыйзамдын негизинде үйлөрдү бөлүштүрөрүн маалымдады.

Облустук бийлик Кайрагачтагы бул турак жай мурда Тажикстандын аймагында болуп, чек араны делимитациялоонун жыйынтыгында Кыргызстанга өткөнүн билдирди. Учурда мындай үйлөр Мамлекеттик мүлк фондунун каттоосунда турат жана аларды 2021–2022-жылдагы чек ара окуяларында турак жайынан жабыркаган жарандарга берүү боюнча өкмөттүн чечими даярдалып жатканы айтылды.

Абдувалиеванын маселеси үйдүн документтери маркум кайын энесинин атына катталгандыктан дагы татаалдашып, ал президентке кайрылып, турак жай маселесин чечип берүүнү өтүндү.

Последние новости