www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бир мандаттуу Ленин округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоого 13,2 миллион сом сарпталат. Бул тууралуу БШКнын бүгүнкү отурумунда белгилүү болду.
Маалыматка ылайык, БШКнын мүчөлөрү кайра шайлоону 10-сентябрда өткөрүү чечимин кабыл алып, ага кете турган чыгымдардын сметасын бекитти.
Жыйында мурунку шайлоого салыштырмалуу айрым чыгашалар кыскартылганы айтылды. Белгилей кетсек, анда 18,8 миллион сом жумшалган.
Эске салсак, 28-майда Ленин округундагы шайлоонун жыйынтыгында талапкер Дамира Ниязалиева алдыга озуп чыккан. Бирок ал добуш сатып алууга айыпталып жеңиши жокко чыгарылган. Экинчи орунду талапкер Улан Сариев ээлеген, бирок анын дагы алган добуштары жокко чыгарылып, шайлоонун жыйынтыгы таанылган эмес.
Ал эми Ленин округундагы мөөнөтүнөн мурда шайлоо Жаныбек Абиров мандатын тапшыргандан улам өткөн. Март айында ал ресторандын алдынан күзөт кызматкерин сабап салган. Бул окуядан кийин Абиров депутат болууга моралдык укугу жок экенин айтып мандатын тапшырган.
Булак: NazarNews.kg