www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинанын мурдагы президенти Леонид Кучманын пикиринде, Орусиянын президенти Владимир Путин Украинадан кийин Молдова, Казакстан жана Грузияга кол салышы ыктымал. Мындай пикирин ал 4-августта Би-Би-Сиге берген интервьюсунда айтты.

Журналист ага: "Дүйнө үчүнчү согуштун босогосунда турат деп ойлойсузбу? Орусия мисалы, Литва менен Польшага кол салышы ыктымалбы?"–- деп суроо узаткан.

"Гитлер Польшага кол салганда экинчи дүйнөлүк болуп жатканын эч ким билген эмес. Үчүнчү дүйнөлүк согуш болобу же жокпу, бул Украина Орусиянын кол салуусунун мизин канчалык кайтара алышынан көз каранды. Эгер биз туруштук берсек, Путин андан ары кетпейт, эгер андай болбосо "агрессия улана берет". Бирок биз туруштук беребиз", – деп жооп берген Кучма.

Анын айтымында, Орусиянын агрессиясынын чек арасы кеңейген учурда коркунуч Литва менен Польшага эмес, НАТОго кирбеген постсоветтик республикаларга туулушу ыктымал.

"Молдова жана Түндүк Казакстанга көз артуу көп байкалып жатат, ушундай эле маанай эми Грузия да сезиле баштады. Адатта Орусия өзүнөн алсызыраак мамлекеттерге, эң жакшысы, өтө эле алсыз мамлекеттерге кол салат эмеспи", - деп кошумчалаган Кучма.

Анын пикири боюнча, Орусия НАТОго чындап катыла албайт, анткени мындай согушта НАТО орус армиясын "жер менен жексен кылат", ал эми өзөктүк согушта Орусия утулат.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости