www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Ташкенттеги лифтте калып калган 32 жаштагы аялдын өлүмү тууралуу маалымат берди. Бул тууралуу Podrobno.uz жазды.

Эске салсак, Борбордук почтада почточу болуп иштеген Ольга 24-июль күнү кат жеткирип жүрүп, дайынсыз жоголгон. Бир нече күндүк издөөдөн кийин анын жансыз денеси 28-июлга караган түнү жаңы имараттардын биринин лифтинен табылган.

«27-июль күнү Ташкенттин Мирзо-Улугбек районундагы Паркент көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн лифтинен белгисиз аялдын жансыз денеси табылган. Ал аталган үйгө 24-июлда киргени аныкталган.  26-июлда анын дайынсыз жоголгондугу боюнча анын жакындары ички иштер органдарына арыз менен кайрылышкан. Текшерүү учурунда үйдүн жашоочулары лифт бир нече күндөн бери иштен чыгып, көп бузуларын айтышкан«,- деп айтылат маалыматта. 

 Булак: NazarNews.kg 

Последние новости