www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев Түркиянын энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Алпарслан Байрактар менен жолугушту.

ТИМден билдиришкендей, жолугушуу күн мурун, 1-августта кыргыз тараптын демилгеси менен өткөн.

Жолугушуунун башында элчи Руслан Казакбаев министр Алпарслан Байрактарды жогорку кызматка дайындалышы менен, ал эми түрк тарапты Түркияда шайлоо процесстеринин ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады.

Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу жана көп тараптуу форматтагы саясий, соода-экономикалык кызматташтыкты жогору баалаарын билдиришти. Буга байланыштуу Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн башчысы Түрк мамлекеттеринин уюмунун (ТМУ) жана анын алкагында түзүлгөн инвестициялык фонддун өлкөлөр ортосундагы өз ара аракеттенүүнү бекемдөөдөгү маанилүү ролун баса белгиледи.

Руслан Казакбаев Кыргызстандын жаратылыш байлыктарына токтолуп, тактап айтканда түрк компанияларынын алтын өндүрүүгө инвестициялары тууралуу сөз кылды. Ал ошондой эле Кумтөр улутташтырылган компаниясы тууралуу маалымат берип, жаратылыш ресурстарын казып алуу тармагында иштеген түрк компанияларын көбүрөөк тартууну кааларын билдирди.

Жолугушуунун негизги темасы Кыргызстан менен Түркиянын Кыргызстандагы чакан жана орто ГЭСтерди курууга инвестиция тартуу жаатында кызматташуусу болду. Казакбаев Кыргызстандын гидроэнергетика тармагындагы потенциалына кеңири токтолуп, жагымдуу мыйзамдык базаны белгиледи. Ушуга байланыштуу ал Кыргызстандын энергетика тармагын өнүктүрүү үчүн капиталы жана алдыңкы технологиялары менен түрк компанияларын тартуу менен саясий колдоо көрсөтүүгө чакырды.

Элчи ошондой эле иштеп жаткан “CASA-1000” жана башка энергетикалык долбоорлорго токтолуп, электр энергиясын башка өлкөлөрдүн рынокторуна сатуу мүмкүнчүлүгүн белгиледи.

Өз кезегинде министр Алпарслан Байрактар Кыргызстан менен энергетика тармагындагы кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирип, энергиянын кайра жаралуучу булактары, атап айтканда, чакан жана орто ГЭСтерди куруу биргелешкен долбоорлор үчүн жакшы негиз боло аларын баса белгиледи. Ошондой эле жаратылыш ресурстары тармагында кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди. Буга байланыштуу Түркиядан түркиялык ишкер чөйрөлөр арасында жайылтуу үчүн тиешелүү маалымат суралган.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар тиешелүү министрликтердин жетекчилеринин Кыргызстан менен Түркияга өз ара иш сапарларын өткөрүү боюнча макулдашууга жетишти.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости