www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Литванын тышкы иштер министри Габриелиус Ландсбергис Евробиримдик мунай эмбаргосу менен макул болбогондуктан Орусияга каршы алтынчы санкциялар пакетинин кабыл алынышына жолтоо болуп жаткан Венгриянын “барымтасы” болуп калды деп эсептейт.

"Учурда бүтүндөй Евробиримдик бизге консенсуска жетишүүгө жардам бере албаган бир өлкөнүн барымтасына айланды... Биз бир пикирге келишибиз керек, биз барымта бойдон кала албайбыз", - деди ал Евробиримдиктин тышкы иштер министрлеринин Брюсселдеги жолугушуусунун алдында.

Анда Орусияга каршы жаңы санкциялар талкууланат.

Евробиримдик өлкөлөрү Украинадагы кырдаалдан улам Орусияга каршы беш санкция пакетин катары менен киргизген. Алдыдагы алтынчы пакеттин алкагында ЕБ орус мунайынан баш тартуу мүмкүнчүлүгүн карап жатат.

Биримдиктин айрым өлкөлөрү, атап айтканда, Венгрия бул кадамдын өз экономикасына терс таасирин тийгизет деп чочулап, анын кабыл алынышына тоскоолдук кылууда.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо" жана бул үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификация" жасап жана Донбасстагы "жай жашоочулардын канына забын болгондорду" аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости