www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Литванын президенти Гитанас Науседа НАТО Орусия менен кызматташуу актысын жараксыз деп таанууга жана анын чек араларына жакын жерде туруктуу аскерий базаларды орнотууга убакыт келди деп билдирди. Мындай чакырык менен ал 10-июлда The Times гезитине берген маегинде альянска кайрылды.
"Орусия Беларуста тактикалык өзөктүк куралды жигердүү жайгаштырып жаткан кезде, биз акыры Орусия менен НАТОнун кызматташуу актысы "өлүп" калганын моюнга алышыбыз керек", - деди Науседа.
Литванын президентинин айтымында, альянс менен Москванын ортосундагы мамилелер жана кызматташтык жөнүндө 1997-жылы кол коюлган негизги актысы НАТОго чек арасын коргоого тоскоол болууда. Документке ылайык, уюмдун мүчөлөрү жаңы союздаштардын аймагына өзөктүк курал жана туруктуу базаларды жайгаштыра албайт.
Булак: NazarNews.kg