www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Египет, Судан жана Ливия чек аралашкан аймактагы Great Sand Sea (Улуу Кум деңизи) илимпоздорду дээрлик бир кылымдан бери таң калтырып келет. Бул аймактан табылган саргыч түстөгү өзгөчө таштар “ливиялык айнек” байыркы заманда фараондор үчүн алтындан да кымбат бааланган.
Тарыхый булактарда айтылгандай, фараондор чөлдөгү көчмөн уруулардын колундагы бул баалуу айнекти алуу үчүн бир нече жолу аскер жөнөткөн. Бирок Улуу Кум деңизине кирген жоокерлердин көбү кайтып келген эмес. Аймак “каргыш тийген жер” деп аталып калган.

1930-жылдары британдык изилдөөчүлөр бул жерге экспедиция уюштуруп, чоңдугу 20-30 сантиметрге жеткен айнек сыныктарын табышкан. Кийин 1996-жылкы лабораториялык изилдөөлөр айнектин ичинде циркон минералдары бар экенин көрсөткөн. Электрондук микроскоп аркылуу жүргүзүлгөн анализ алардын 2700°С температура жана 130 миң атмосфералык басым шартында пайда болгонун аныктаган.
Мынд
ай шарт же ядролук жарылууда, же абдан чоң метеорит Жерге кулаганда гана жаралышы мүмкүн. Бирок окумуштуулар азыркыга чейин мындай ири соккудан калган кратерди таба элек.
Ошентип, Ливия чөлүндөгү табышмак айнектин келип чыгышы жана мүмкүн болгон метеорит изи, бүгүнкү күнгө чейин толук чечиле элек бойдон калууда.
