www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол тейлөө ишканалары тарабынан республика боюнча автожолдордун абалын жакшыртуу жана жол коопсуздугун камсыз кылуу максатында пландуу иштер улантылууда. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Учурда аталган ишканалар тарабынан жол катмарындагы аң-чөнөктөрдү жамоо, жол жээктерин иретке келтирүү боюнча төмөнкү иштер аткарылууда:

№5 Жол тейлөө ишканасы: Бишкек – Ош автожолунун Өзгөн районундагы тилкесинде, тактап айтканда, 589-611-чакырымдар аралыгында аң-чөнөктөрдү жамоо иштерин жүргүзүүдө. Ошондой эле жол жээгин бекемдөө жана сүрүп тегиздөө жумуштары активдүү аткарылып жатат.
 
№43 Жол тейлөө ишканасы: Новопокровка – Сары-Жон автожолунда асфальт-бетон катмарындагы кышкы кароодон кийинки келип чыккан  аң-чөнөктөрдү, жол жээктерин тегиздөө жана жол боюндагы бадалдарды, бак-дарактарды бутоо иштерин жүргүзүүдө.

№25 Жол тейлөө ишканасы: Аламүдүн – Арашан – Кой-Таш автожолунун абалын жакшыртуу боюнча тиешелүү жумуштарды аткарууда.

Аталган иш-чаралар жол катмарынын сапатын калыбына келтирүү, транспорт каражаттарынын коопсуз жана үзгүлтүксүз кыймылын камсыз кылуу максатын көздөйт.

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги айдоочуларды жол иштери жүрүп жаткан тилкелерде сак болууга жана жол белгилеринин талаптарын так сактоого чакырат. 

Последние новости