www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкө аймагында эт 680–690 сомдон сатылууда

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын аймагында эттин баасы туруктуу сакталууда. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жетектөөчү адиси Жакшылык Бактыбек уулу “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, кечээ Бишкек шаарындагы "Орто-Сай" базарында, “Глобус” дүкөндөрүндө эттин бааларына мониторинг жүргүзүлүп, кой жана уй этинин баасы 680-690 сомдон экени аныкталган.

“Жергиликтүү бийлик, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана кызматкерлери менен биргеликте мониторингдер жүргүзүлүүдө. Мисалы, кечээ Бишкектеги "Орто-Сай" базарында, “Глобус” дүкөндөрүндө эттин бааларына мониторинг жүргүзүлдү. Мында эттин бааларынын туруктуу экендиги, кой жана уй эти 680-690 сомдун тегерегинде сатылып жаткандыгы аныкталды”, - деди ал.

Последние новости