www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызгидромет кызматы 12–18-январь күндөрүнө карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, алдыдагы күндөрү республиканын көпчүлүк аймактарында кар жаап, айрым жерлерде жаан-чачын күтүлөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тайгак болот.
Чүй облусунда 12-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. 13-январда түнкүсүн айрым жерлерде жаан, кар жаайт. 13-январь күндүз жана 14-январда жаан-чачын болбойт. 16–17-январларда көпчүлүк аймактарда кар жаайт.
Бишкек шаарында 12-январда түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында жаан-чачын күтүлбөйт, экинчи жарымында жаан жаашы мүмкүн. 13–15-январларда жаан-чачын болбойт. 16–17-январларда мезгил-мезгили менен кар жаайт.
Талас облусунда 12-январда күндүз айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. 16-январда көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт.
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 12–15-январларда негизинен жаан-чачын күтүлбөйт. 16–17-январларда көпчүлүк аймактарда жаан, кар жаайт.
Ысык-Көл облусунда 13-январда түнкүсүн айрым жерлерде кар жаайт. 16–17-январларда көпчүлүк аймактарда кар күтүлөт.
Нарын облусунда 12–15-январларда жаан-чачын болбойт. 16–17-январларда көпчүлүк аймактарда кар жаап, -30 градуска чейин суук болушу күтүлөт.