www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Элдик курултай маалында делегаттардын суроолоруна жооп берип жатып президент Садыр Жапаров өлкө жакшы кадрларга муктаж экенин, ошол себептен айрым министрлик, мекемелерде коюлган милдеттерди аткара албаган жетекчинин жакшысын тапмайынча тез-тез алмашып жатканын билдирди: «Тилекке каршы, кадр маселеси көйгөй бойдон калууда. Көптөр трибунадан кооз сүйлөгөнү менен, иш жүзүндө жумушунун реалдуу натыйжалары жок. Демек, ушул себептен жетекчилерди алмаштырууга туура келүүдө», - деди Садыр Жапаров.
Ал ага тигил же бул кызматка дайындап коюуну сурангандарды токтотконун, совет доорунда кадрлардын даярдоонун туруктуу, ойлонулган системасы жолго салынганын, окуу жайын кызыл диплом менен бүткөндөр сөзсүз мамлекеттик кызматка алынганын, жетекчиликке карьералык тепкич менен ырааттуу көтөрүлгөн мыктылар гана дайындалганын, бирок, акыркы 30 жылда чоң кызматтарга жалаң тааныш-билиш менен дайындалып калганын айтты.
Мамлекет башчысы үмүттү «Акылман» президенттик лицейинин келечектеги бүтүрүүчүлөрүнө артып жатканын, ал мектеп мамлекеттик органдардын татыктуу жетекчилерин окутуп чыгарарын кошумчалады. Быйыл Ысык-Көлдө ачылган «Акылман» таланттуу балдар лицейине сынак менен өлкө аймактарынан тандалган окуучулар билим алат.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg