www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда 17-июндан 26-июнга чейин 20 миң 963 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын ичинен:
- Тийиштүү документтери жок унаа башкаргандар - 233;
- Мас абалында унаа айдагандар - 220;
- Унаанын айнектерин мыйзамсыз караңгылатуу - 64;
- Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар - 833;
- Унаа каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу - 4 миң 611;
- Автоээнбаштык - 9;
- Ылдамдыктан ашырып айдоо - 4 миң 134;
- Башка жол эрежелерин бузуу фактылары - 10 миң 859.
Белгилей кетсек, жол эреже бузуу боюнча 1 миң 550 авто унаа айып короо жайына токтотулган.
Булак: NazarNews.kg