www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өлкөдө 17-19-июль күндөрү абанын күндүзгү температурасы 40°ка чейин жетиши күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, аталган күндөрү ысык аба ырайы сакталып, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 35…40°ка чейин, Талас облусунун өрөөнүндө 33…38° чейин болушу күтүлөт.
"Мындай кургак, ысык аба ырайы учурунда зарылчылык болбосо сыртка чыкпаганга аракет кылыңыздар. Айрыкча жүрөк, жогорку кан басым, калкан без оорулары менен жабыркагандар сак болуусу зарыл! Ал эми өсүмдүктөрдү кеңири сугаруу сунушталат", - деп айтылат маалыматта.
Булак: NazarNews.kg