www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкөдө 3233 адам СПИДден көз жумган

1-декабрь СПИДге каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү. Назарньюс» маалыматтык  порталынын билдиргенине караганда, бул датага байланыштуу Кыргызстанда бир ай мурун "СПИДге каршы чогуу күрөшөбүз” улуттук өнөктүгү башталган.

Кыргызстанда 2023-жылдын 1-декабрына карата 13030 кишиде адамдын иммундук жетишсиздик вирусу (ВИЧ) аныкталды. ВИЧ жуктургандардын арасында аялдарга караганда эркектер дээрлик эки эсе көп. Балдар 750дөн ашат. Алардын 12 272си кыргызстандыктар, калганы чет өлкөнүн жарандары. Расмий каттоого алынгандардын арасынан 3233 адам кайтыш болгон. Бул тууралуу Республикалык кан аркылуу жугуучу вирустук гепатитке жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусуна каршы күрөшүү борбору маалымдады.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости