www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда 2022-жылдын биринчи жарымында жол кырсыгынан 37 бала каза болуп, 929 бала жаракат алган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Жалпысынан январь айынан июнь айына чейин өлкө боюнча балдардын катышуусундагы 802 жол кырсыгы катталган. Бул көрсөткүч былтыркыга салыштырмалуу дээрлик өзгөргөн жок.

Биринчи жарым жылдыкта катталган жол кырсыктарынын жалпы саны 3 миңге жетип, өткөн жылга салыштырмалуу 11 пайызга аз. Эң чоң үлүш Бишкек шаарына (44 пайыз), ошондой эле Чүй (20 пайызга жакын) жана Ош (9 пайызга жакын) облустарына туура келген.

Жабыркагандардын саны 4629 адамды түзүп, 248 адам каза болгон. Эки көрсөткүч боюнча тең төмөндөө байкалган: адам өлүмү менен коштолгон кырсыктар 24,6 пайызга, жабыр тарткандардын саны 8,7 пайызга азайган.

Мас абалындагы айдоочулардын жол кырсыгы да 7,5 пайызга азайган. Алар 185 кырсыкка себепкер болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости