www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экономика жана коммерция министрлиги транспорт каражаттарын милдеттүү техникалык кароодон өткөрүү өнөктүгүн кайтарууну сунуштоодо.

 Учурда Кыргызстанда транспорттун айрым категориясы эле техникалык кароодон милдетүү түрдө өткөрүлөт, бирок Экономика жана коммерция министрлиги бардык автоунааларды текшерүү өнөктүгүн кайтарууну сунуштоодо.

Ведомствонун Техникалык жөнгө салуу жана метрология департаментинин башчысы Бакыт Шабданов  темир көлүктүн эмнеси жана кандай текшерилерин түшүндүрүп берди.

"Азыр техникалык кароо жол кыймылы боюнча мыйзамдын алкагында көзөмөлдөнүп, анда кандай категориядагылар милдеттүү түрдө кароодон өтүшү керектиги жазылган. Негизинен коммерциялык максаттагы, жүргүнчү ташыган атайын техника текшерилет. Жеңил автоунааны техкароодон өткөрүү 850 сом турат. Аны диагностикалык борборлордон текшеришет. Өлкөдө мындай 31 борбор бар, алардын бирөө мамлекетке карайт. Эми менчик транспортторду техкароодон өткөрүү процесси акырындан киргизиле баштайт. Бул 2027-жылга пландалган, ага чейин текшерүүчү борборлордун санын көбөйтүү зарыл", — деп билдирди Шабданов.

Министрлик ЕАЭБдин башка өлкөлөрүнүн тажрыйбасын колдонуп, жети "жашка" чейинки автоунааларды техкароодон бошотуп, 7-14 жылдыктарды жылына эки жолу, андан "улуу" транспортторду жыл сайын текшерип турууну сунуштоодо.

"ЕАЭБдин башка өлкөлөрүндө бардык транспорт текшерилет. Бизде 2016-жылдын февралында биримдиктин дөңгөлөктүү унаалардын коопсуздугу боюнча техникалык регламенти күчүнө кирген. Муну менен техникалык кароону киргизсек, ЕАЭБдин талаптарына жооп берген тартипти киргизебиз. Буга чейин техкароонун автоматташтырылган маалыматтык системасын иштеп чыгууга бюджеттен 1,2 миллион сом бөлүнгөн. Учурда процедурадан өткөн машиналар дароо реестрге киргизилип жатат. Маалыматты "Түндүк" тиркемесине мамлекеттик номерди киргизип эле текшерсе болот. Бул система модернизацияланат, анткени каттоого алчу автоунаалардын саны кескин өсөт", — деп түшүндүрдү адис.

Шабданов текшерүү 67 көрсөткүч боюнча — тормоздон тартып бөлүнүп чыккан газдын көлөмүн өлчөөгө чейин жүргүзүлөт.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости