www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Режиссер Артыкпай Сүйүндүковдун "Шамбала" тасмасы бүткүл россиялык "Кино түнү" иш-чарасынын алкагында Москвада көрсөтүлөт. Бул тууралуу "Кыргыз тасмасы" мамлекеттик концернинин директору Талантбек Төлөбеков билдирди.

Анын айтымында, тасма 24-августта саат 21:00дө "Москино Факел" кинотеатрында тартууланат. "Кино түнү" иш-чарасында кино сүйүүчүлөр Россия жана КМШ мамлекеттеринде 2023-2024-жылдары тартылган эң алдыңкы тасмаларды акысыз көрө алышат.

"Шамбала" Чыңгыз Айтматовдун "Ак кеме" повестинин негизинде тартылган. Бул кинокартина бир нече эл аралык кинофестивалдарга катышып, сыйлыктарга ээ болгон.

 

Булак: Nazarnews.kg

Последние новости