www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда бардык байланыш операторлорунун абоненттери жаңы эреже менен катталмакчы. Бул тууралуу министрлер кабинетинин токтомунда айтылат.

Ага ылайык, мындан ары SIM-карта сатып алган кыргызстандыктар аны онлайн режимде өзүнүн атына каттоосу зарыл. Муну мобилдик оператордун тиркемеси аркылуу өз алдынча жасоого болот, болгону паспорт керектелет. Бул тартип 26-марттан тарта күчүнө кирет.

2024-жылдын 1-апрелинен тарта сатылган SIM-карталарда кызматтар чектелүү болуп турат да, толугу менен онлайн каттоодон өткөн соң бардык функциялар жеткиликтүү болот.

Бийлик мындай чара жеке маалыматтын коопсуздугун сактоо үчүн кабыл алынгандыгын билдирди. Себеби учурда телефондогу номерге электрондук капчыктар, банк карталары, соцтармактагы аккаунттар жана башкалар байланган.

Последние новости