www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ички иштер министрлиги жана TSARKA Кыргызстан калкты финансылык алдамчылыктан коргоого багытталган биргелешкен долбоорду расмий түрдө баштады.

Ведомстводон маалымдашкандай, тараптар кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту.

Долбоор Япония, Сингапур жана Улуу Британия сыяктуу өлкөлөрдө өзүнүн натыйжалуулугун далилдеген эл аралык тажрыйбага негизделет. Анын негизги куралы — "визуалдык тыныгуу": банкоматтардын жанына орнотулган милиция кызматкерлеринин макеттери алдамчылардын психологиялык басымын бузуп, жарандарга токтоп, ойлонуп чечим кабыл алууга шарт түзөт.

Дүйнөлүк практика көрсөткөндөй, мындай чаралар каржылык кылмыштарды 40 пайызга чейин азайтууга өбөлгө түзөт. TSARKA Кыргызстан жана ИИМ бул демилге аркылуу жарандардын каржылык коопсуздугун алдын ала коргоону максат кылат.

Последние новости