www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мелис Тургунбаев америкалык валютанын курсуна сезондук фактор таасир берип жатканын белгиледи.

Жайкысын туристтер көбөйүп, доллардын көлөмү өсүп, анын курсуна таасирин тийгизүүдө. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаев билдирди.

Ал журналисттер үчүн маалымат жыйын өткөрүп, доллардын курсу боюнча суроого жооп берген. Анын айтымында, америкалык валютанын курсуна сезондук фактор таасир этүүдө.

"Жайында көптөгөн туристтер келет, доллардын көлөмү көбөйүп ушундай тенденция жаралууда. Улуттук банк күн сайын абалга көз салып, текшерип турат. Валюта рыногундагы туруктуулукту сактап туруу үчүн жыл башынан бери 15 интервенция жасадык, 3 жолу доллар сатсак, 12 жолу доллар сатып алдык. Жалпы 380 миллион долларлык интервенция жасалды", — деди башкы банктын жетекчиси.

 

Эске салсак, жайдын башталышынан бери Улуттук банк валюта рыногунан 202,5 миллион доллар сатып алды. Бул доллардын өйдө-ылдый болуп чайпалып кетпеши үчүн жасалууда.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости