www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК Тажикстан-Кыргызстан-Өзбекстан багыты боюнча эл аралык баңги каналын уюштурган уюшкан кылмыштуу баңги тобунун ишмердүүлүгүн аныктады. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2024-жылдын 21-июлунда Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын аймагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында эл аралык баңги тобунун мүчөсү, чет мамлекеттин жараны Д.М. кармалып, андан жалпы салмагы 15 кг 0,054 граммды түзгөн (базар баасы 6 млн 500 миң сом) 15 брикет кара куурай чайыры (гашиш) алынган. 

Тергөө иштеринин жыйынтыгы боюнча Д.М. баңгизат каражаттарын кийин сатуу максатында Өзбекстан Республикасынын Фергана облусуна өткөрүп берүү ниетин мойнуна алган. Мындан улам, 2024-жылдын 22-июлунда Ош шаардык соту тарабынан Д.М.ны тергөө аяктаганга чейин, б.а. 2024-жылдын 16-сентябрына чейин камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалып алынды.

Учурда аталган кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланып, башка тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Последние новости