www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкөдө кылкандуу дан өсүмдүктөрүнүн 94%ы жыйналды

Кыргызстанда кылкандуу дан өсүмдүктөрүнүн 94%ы жыйналды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө кылкандуу дан эгиндерин оруп-жыйноо иштери Нарын, Ысык-Көл облустарынан башка аймактарда кызуу жүрүп жатат. Учурда республика боюнча кылкандуу дан өсүмдүктөрүнүн – 152,4 миң га, башкача айтканда, 94,7%ы жыйналды.

Республика боюнча кылкандуу дан эгиндеринин орточо түшүмдүүлүгү - 29,2 ц/га түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 12,5 центнерге көп. Жалпы дүң түшүмү бункердик салмак менен алганда 444,8 миң тоннаны түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу – 175 миң тоннага көп топтолду.

Буудай жыйноо иштери 73,2 миң га аянтта жүргүзүлүп, жыйналуучу аянтка карата, же 30,4 % жыйналды. Орточо түшүмдүүлүгү – 31,3 ц/га болуп, былтыркы жылга караганда 11,2 ц/га көп. Түшүмдүүлүк Жалал-Абад, Баткен облустарында 34,5-35,3 ц/га болууда.

Ал эми арпа республика боюнча 79,2 миң га аянтта жыйналып, башкача айтканда жалпы аянттын 32,8 % түзүп, өткөн жылга салыштырганда 2,0 миң га көп. Орточо түшүмдүүлүк - 27,2 ц/га түзүп, өткөн жылдан 13,7 ц/га көп. Дүң түшүм – 215,5 миң тонна топтолуп, былтыркы жылдын деңгээлинен 104,2 миң тоннага көп болду.

Арпанын эң жакшы түшүмдүүлүгү Чүй жана Талас облустарында катталып, гектарынан 28,2 центнерден алынууда.

Ошондой эле учурда республиканын аймагында жашылча-бахча өсүмдүктөрү жана картошка жыйноо иштери да кызуу жүрүп жатат.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости