www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2023-жылдын январында орточо айлык акы 29 миң 912 сомду түздү. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде Улуттук статистикалык комитеттин төрагасынын биринчи орун басары Айнура Орозбаева билдирди.

Анын айтымында, эмгек акынын өсүшү экономикалык ишмердүүлүктүн бардык түрлөрүндөгү ишканаларда жана уюмдарда белгиленген. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүү 41,4 пайызды түздү.

“Эң олуттуу өсүш искусство, мамлекеттик башкаруу жана коргонуу, милдеттүү социалдык камсыздоо, билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык тейлөө, маалымат жана байланыш, мейманкана жана ресторан ишмердүүлүгү, дүң жана чекене соода, авто жана мотоциклдерди оңдоо, ошондой эле курулуш тармагында байкалган”, - деди ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости