www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкөдө жөлөк пул алган балдардын саны дээрлик 45 миңге азайды

Буга калктын кирешесинин, эмгек акынын көбөйүшү себеп болгону айтылды.

 2022-жылга салыштырганда өлкөдө "үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулун алган балдардын саны 44,9 миңге азайган. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдады.

Билдирмеге ылайык, жөлөк пул алгандардын саны калктын кирешесинин, эмгек акынын көбөйүшүнө байланыштуу кыскарган.

"Үстүбүздөгү жылдын 1-майына карата мамлекеттик жөлөк пул алган балдардын саны 388 миң 800дү түздү. Анын ичинен 278 миң 800ү "үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулун алышат. Анын орточо көлөмү 1 392 сомду түзөт", — деп айтылат министрликтин маалыматында.

 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости