www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкөдө Жунай Мавляновдун 100 жылдыгы белгиленет

Кыргыз эл жазуучусу, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген мугалими Жунай Мавляновдун 100 жылдыгы белгиленерин Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, жазуучунун мааракесине арналган иш-чаралар 23-ноябрга белгиленген.

"Саат 14:00дө Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында китеп көргөзмөсү жана саат 16:00дө Токтоболот Абдумомунов атындагы Улуттук академиялык драма театрында салтанаттуу иш-чара өтөт", — деп айтылат маалыматта.

 

Жунай Мавлянов 1923-жылы Жалал-Абад облусунун азыркы Аксы районундагы Кош-Дөбө айылында туулган. Жазуучу башында ыр жазып, поэмалар жыйнагын чыгарып жүрүп кийин биротоло кара сөз жазууга өтүп, "Күтүү", "Менин күндөлүгүм", "Чагылган", "Нан", "Турмуш", "Эне", "Мен жана айылдаштарым" сыяктуу аңгеме, повесттери, "Ачык асман", "Бийиктик", "Кайрымсыз жылдар" романдары жарык көргөн. Жазуучу 2003-жылы 25-ноябрда жол кырсыгынан каза тапкан.

Жунай Мавляновго СССРдин эл агартуу отличниги, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген мугалими, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу деген наамдар берилген. Улуу Ата Мекендик согуштун I даражадагы ордени, Кыргыз Республикасынын II даражадагы Манас ордени жана Даңк медалы менен сыйланган. Аксы районунун Кербен шаарындагы лицей-интернатка ысымы ыйгарылган. 2008-жылы Бишкекте жашаган үйүнө мемориалдык такта орнотулган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости