www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин министри Нурдан Орунтаевдин тапшырмасына ылайык, республика аймагындагы техникалык абалы канааттандырарлык эмес мектеп имараттарын аныктоо жана алардын учурдагы абалын баалоо максатында текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.
Иш-чаранын алкагында министрлик тарабынан ведомстволор аралык атайын комиссия түзүлүп, аны министрликке караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту жетектөөдө. Анын курамына Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү кирген.
Бүгүнкү күндө Ош облусунун аймагындагы мектептер боюнча текшерүү жүрүп жатат. Комиссиялык топ тарабынан абалы канааттандырарлык эмес мектеп имараттары жеринде кароодон өткөрүлүп, алардын техникалык абалы, курулуш ченемдерине жана коопсуздук талаптарына шайкештиги бааланууда.
Натыйжада, ар бир объект боюнча комиссиялык топтун чечими даярдалып, кабыл алынган чечимге жараша конкреттүү чаралар көрүлөт.
Аталган иш-чаралар жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга, билим берүү объектилеринин эксплуатациялык ишенимдүүлүгүн жогорулатууга жана социалдык инфраструктуранын сапатын мындан ары жакшыртууга багытталган.