www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эки айда өзгөрүү болот. Беш-он жыл күтпөйсүңөр. Эки жылда мигранттарды өлкөгө кайтарып келебиз. Беш жылда Кыргызстандын карызынан кутултабыз. Кулакка тааныш убадалар бекен?

Натыйжада эмне болуп жатат? Өзгөрүү, өсүү барбы? Бар. Көбү чындыкты айта албай калды. Мунун кесепетинен фейк-троллдор саясий погода жаратып жатышат. Калп айткандар кутуруп, чындыкты сүйлөгөндөр тутулуп, кымбатчылык каптады. Мигранттар кайтып келбей эле, тескерисинче мурдагыдан көп тышка чыгып жатат. Өкмөт өзү Акылбек Жапаров айткандай, эшелон-эшелон кылып жалчылыкка жөнөтүп жатат, мандикер кылып... 

Баалар, карыз асмандап өсүп жатат. Өсүү инфляциядан айкын көрүндү. Өскөн карызга, баага бийлик ээ боло албай калды. Өсүү кайда барып токтойт айтып болбойт. Карыздан кутултуп койчу убактын 5/3 өтүп кетти. Карыз болсо өсүп жатат. 

Мына Садыр Жапаровдун бийликтин эки тизгин, бир чылбырын колуна алганына дээрлик үч жылга жакындап баратат. Бул аралыкта карыздан кутултмак түгүл, мурдагыга 1 миллиард доллардын тегерегинде карыз кошулду. 

Мына 2023-жылдын май айына карата мамлекеттик карыз 6 миллиардга жакындап калыптыр.
Карызыбыз жыл өткөн сайын азайбай эле көбөйүп жатат. Ток этээрин айтканда мамлекеттин карызы 5 миллиард 667 миллион долларга жетиптир. 

Алдындагы ашын алдырып, аңкайып отуруп калган Сооронбай Жээнбеков башкарган үч жылда, тактап айтканда 31-октябрь 2020-жылы мамлекеттик карыз 4 миллиард 843 миллион доллар экен. 

Мына Садыр Жапаров азыркы кезде эле Жээнбековдун учурунан көп карыз алып койду. Жээнбеков бийликте турган үч жылда мамлекетти 600 миллион долларга жакын карыз кылса, Жапаров азыркы кезде, эки жарым жылда эле 800 миллион доллардан ашык карызга батырып койду. Андыктан, карыздан кутултуу тууралуу ооз ачпай эле коёлу.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости