www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер Кабинети өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарына, парк-пляж жана суу коргоо зоналарынын чектерине жана суу объектилеринин жээк тилкелерине квадроциклдер менен кирүүгө жана жүрүүгө тыюу салуу боюнча коомдук угууларга алып чыкты.

Министрлер кабинетинде түшүндүрүшкөндөй, бул чара экосистемаларды сактоого, жаратылыш ландшафттарынын деградациясын жана талкаланышын алдын алууга, токой массивдерин жана суу объектилеринин тазалыгын коргоого багытталган.

Чектөөлөр квадроциклдерди кызматтык, издөө-куткаруу жана өрткө каршы максаттарда пайдаланууга, жаратылыш министрлиги менен макулдашылган иш-чараларга жайылтылбайт.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине калк арасында жана туристтик операторлор арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана белгиленген режимдин сакталышын камсыз кылуу тапшырылды.

Последние новости