www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тбилисидеги Вивамед клиникасында абакта жаткан Грузиянын экс-президенти Михаил Саакашвили катуу ооруп жатат. Бул тууралуу невропатолог Отар Тоидзе билдирди,
Тоидзенин айтымында, мурдагы мамлекет башчынын ден-соолугунун абалы боюнча жыйынтыктоочу корутунду түзүү үчүн жакынкы күндөрү Саакашвилиге дарыгерлер тобу барат.
«Биз ага дээрлик бир ай бою барган жокпуз. Анын азыркы абалы тууралуу маалымат каражаттарынан жана дарыгерлер менен болгон кыска маектешүүдөн гана билебиз. Менин Михаил Саакашвилиге биринчи жана акыркы сапарымдын ортосунда кескин айырма бар. Ал киши бүгүнкүдөй сүйлөп, басууда кыйналбаган адам эле. Ошондуктан, балким, күндөрдүн биринде ага объективдүү баа берүү менен акыркы корутунду жазуу үчүн барарбыз. Бул оордуктун үчүнчү даражасындагы оору, акыркы, башкача айтканда, өлүмгө чейинки этап», - деди невропатолог.
Шаршемби күнү Саакашвилиге барган митрополит Николоз айткандай, саясатчы бир топ арыктап, клиникада жаткандан бери 11 кг арыктаган.
«Михаил Саакашвилинин дарылоосу мындан ары кандай болот - бул саясий чечим», - деп кошумчалады митрополит.
Грузиянын үчүнчү президенти учурда эки ачкачылык акциясынан кийин 12-майда Рустави түрмөсүнөн которулган Тбилисидеги «Вивамед» клиникасына жаткырылган.
Грузиянын Жаза аткаруу кызматы экс-президенттин абалы туруктуу экенин жана ал дарыгерлердин көзөмөлүндө экенин билдирүүдө.
Саакашвилинин уулу Эдуард жакында журналисттерге атасы өзүн Грузиянын саясатында көрбөй калганын жана бүт көңүлүн Украинадагы кырдаалга бурганын айтты.
55 жаштагы Саакашвили 2004-2013-жылдары эки мөөнөт катары менен Грузиянын президенти болгон.
Булак: NazaNews.kg