www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Чыңгыз Айдарбеков Чүйдө дайынсыз жоголуп, бир айдан кийин сөөгү Чоң Чүй каналынан табылган Асел Жанарбек кызынын өлүмү боюнча маселе көтөрдү.

Айдарбековдун айтымында, ага маркум кыздын туугандары кайрылып, милиция чара көрбөй жатканын билдирген.

«Асел Жанарбек кызы күйөөсү менен урушуп кетип, быйыл 14-февралда үйүнөн чыгып кеткен. Кийин 18-мартта Кант шаарынан каналдан сөөгү табылган. Анын өлүмүнүн себеби белгисиз болгондон кийин кылмыш иши козголуш керек эле. Бул боюнча милиция эч кандай чара көргөн эмес. Кыздын туугандары Кант шаардык милициясына кайрылган. Тергөөчү экспертиза чыгыш керек деп, ишти кармап жатат. Эки ай өттү. Эч кандай жыйынтык жок.

Асел Жанарбек кызы өлүмүнүн алдында апасына аудиобилдирүү жөнөткөн. Анда өлүмүнө күйөөсү күнөөлүү болорун айткан», — деди ал.

Депутат парламенттин жыйынына катышып жаткан ички иштер министринин орун басары Эркекбек Аширхожаевге кайрылып, бул маселени көзөмөлгө алууга чакырды.

«Макул, көзөмөлгө алабыз», — деди Аширхожаев.

Эскерте кетсек, 19 жаштагы Асел Жанарбек кызы быйыл 15-февралга караган түнү саат 01:30да Канттагы үйүнөн чыккан бойдон дайынсыз жоголгон. Андан кийин анын курткасы, бут кийими, телефону Чоң Чүй каналынын жээгинен табылган.

Бир ай өткөн соң 18-мартта кыздын сөөгү Чүй каналынан табылган.

Асел Жанарбек кызы жоголгонго чейин эки ай мурда турмушка чыккан. Туугандарынын айтымында, ал жоголордон мурда күйөөсү менен урушуп кеткен.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости