www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Лондон шаарында Украина маселеси боюнча Европа өлкөлөрүнүн лидерлери чогулду. Иш-чара Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармердин демилгеси менен уюштурулганын «Би-би-си» маалымдады.
Ага Украинанын президенти Владимир Зеленский, Франциянын президенти Эммануэл Макрон, Германиянын канцлери Олаф Шольц, Италиянын премьер-министри Жоржа Мелони, ошондой эле Польша, Чехия, Румыния, Нидерланддар, Дания, Швеция, Норвегия, Финляндия, Канада мамлекеттеринин жетекчилери катышты. Мындан тышкары саммитке Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан, Еврокомиссиянын жетекчиси Урсула фон дер Ляйен жана НАТОнун башкы катчысы Марк Рютте барган. Саммитте Россия-Украина согушун токтотууга багытталган планды иштеп чыгуу маселеси каралган. Кир Стармер кийин бул план АКШ тарап менен талкууланарын андан соң жүзөөгө ашырыларын айткан.
Жолугушуунун катышуучулары Украинага аскердик көмөк көрсөтүүнү жана Россияга экономикалык үстөмдүк көрсөтүүнү уланта берүүнү макулдашышкан. Ошондой эле тынчтык орнотууга багытталган сүйлөшүүлөр Украинанын өкүлдөрүнүн катышуусу менен гана өтүшү керектиги айтылган. Эгер тынчтык келишими түзүлө турган болсо, Европа өлкөлөрү Россиянын Украинага кайрадан кол салуусуна жол бербөөгө умтула тургандыгы жана бул үчүн атайын коалиция уюштурула тургандыгы айтылган.
Кир Стармер жыйынга чогулган лидерлер Трамптын согушту тез аранын ичинде бүтүрүү боюнча чечими менен макул экенин билдирип, АКШНЫ ишемсиз өнөктөш деп атоодон алыс экенин айткан. Ал саммиттин жыйынтыгы боюнча берген маегинде лидерлер жакынкы аралыкта дагы чогула тургандыгын жарыялаган.
Стармер ошондой эле Украина Британиянын экспорттук каржы булагынан 5 миңден ашык даана ракета сатып алуу үчүн 1,6 млрд фунт колдоно аларын маалымдаган. Анын айтымында, аталган ракеталар Белфастта даярдалып, бул үчүн жумушчу күчү түзүлмөкчү.
Еврокомиссиянын жетекчиси Урсула Фон дер Ляйен Евробиримдик тарабынан маселени чечүү үчүн так план керек экендигин жана Украинанын коргонуусу үчүн бөлүнө турчу сумманы көбөйтүү керектигин белгилеп, Трампка кайрылган.