www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын бийлиги иммиграцияга байланышкан рейддерден кийинки Лос-Анжелестеги массалык нааразылык акциясына чыккан жарандарды таратып жаткан Улуттук гвардиянын (ICE) 2100 жоокерине кошумча 700гө жакын деңиз жөө аскерин жөнөттү.

Ак үйдүн маалыматы боюнча, чечим федералдык кызматкерлерге жана объектилерге карата жаралган коркунучтардан улам кабыл алынган. Аскерлер Кэмп-Пендлтон базасынан жөнөтүлүп, укук коргоо органдары менен биргеликте кызмат өтөшөт.

Ошондой эле Коргоо министрлиги Улуттук гвардияга жардам берүү үчүн дагы 2000 гвардиячыны мобилизациялады.

Калифорниянын губернатору Гэвин Ньюсом армиянын жайгаштырылышын кескин айыптап, муну «президенттин акылсыз аракети» деп атады. Штаттын бийлиги Дональд Трампты, Коргоо министрлигин жана министр Пит Хегсетти Калифорниянын эгемендүүлүгүн бузууга айыптап, сотко берди. Президент Трамп өз кезегинде Ньюсомду сынга алып, эгер ал федералдык агенттердин ишине тоскоолдук кылса, аны камакка алуу мүмкүн экенин билдирди.

Последние новости