www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Лос-Анжелес шаарында уланып жаткан башаламандыктарга байланыштуу Тышкы иштер министрлиги Кошмо Штаттардын аймагында жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарын коопсуздукту камсыздоо максатында күчөтүлгөн сактык чараларын көрүүгө чакырды.

Жеке коопсуздукту камсыздоо үчүн төмөнкү эрежелерди кармануу сунушталат:

• башаламандыктар катталган же болушу ыктымал болгон райондорго барбоо;

• эл көп чогулган жерлерге баруудан кармануу;

• митингдерге, демонстрацияларга жана башка массалык иш-чараларга катышпоо.

Акыркы маалыматтарга ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандарын кармоо учурлары катталган эмес.

Өзгөчө кырдаалдар жаралган маалда Чикаго шаарындагы Башкы консулдугуна төмөнкү «ыкчам байланыш» телефондору аркылуу кайрылса болот: (312) 929 34 42; +1 (312) 994 24 16.

Эскерте кетсек, Лос-Анжелесте нааразылык акциялары өлкөдөн мыйзамсыз иммигранттарды кармап, депортациялоо менен алектенген АКШнын Иммиграция жана Бажы кызматынын аракеттерине жергиликтүү тургундардын макул эместигинен улам 6-июнда башталган. Нааразылыктарды токтотуу үчүн шаарга Улуттук гвардиянын 300 жоокери киргизилген.

Последние новости