www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Лукашенко АКШны согуш ачкысы келет деп айыптады

Беларустун президенти Александр Лукашенко АКШ Беларус менен Евробиримдиктин чек арасындагы миграциялык кризистин темасын пайдаланып, поляктар, балталар жана украиналыктардын колу менен согуш ачкысы келет деп билдирди.

“Спутник” агенттиги бейшемби күнү кабарлагандай, бул тууралуу Беларус президенти бейшембиде конституциялык комиссия менен Конституциянын долбоорун аягына чыгаруу боюнча жумушчу топтун биргелешкен жыйынында билдирди.

“Алар жакыр качкындардан, бул процесстен пайдаланууга аракет кылышууда. Алар ачык эле айтып бизди провокациялап жатышат. Бул Европага кереги жок, Европа согушту каалабайт. Бул согуш кимге керек? Америкалыктарга керекпи?” деди Лукашенко.  

Анын айтымында, америкалыктар “башка бирөөнүн колу менен согушканды жакшы көрүшөт”. “Четте карап туруп, бири-бирибизди өлтүрүп, экономика төмөндөп кетиши үчүн курал-жарак менен камсыз болушат.

Мунун баары эмне үчүн жасалып жатат? Алар муну поляктардын, бальттардын жана украиндердин колу менен жасагылары келет”, - деп белгиледи мамлекет башчы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости