www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Беларустун президенти Александр Лукашенко АКШ "чыныгы демократияны" бизден үйрөнүшү керек деп билдирди. Лукашенко бул тууралуу RT журналисти Рик Санчес менен болгон маегинде билдирди.
"Бизде демократия алардан жүз эсе артык. Силер адам өлтүрүп туруп, адам укугу, демократия тууралуу кантип айтасыңар?" - деди журналистке.
Беларус президенти чын эле Америкада демократия , ал эми Беларуста диктатура гана барбы деген суроого жооп берип жатып, "Батышта демократия, адам укуктары иш жүзүндө эмес, сөз түрүндө гана" деп айткан.
"Мунун баары жөн гана сөз. Венесуэладагы саясатыңар, Кубага карата коркутуулар, Жакынкы Чыгыштагы согуш жана башка нерселер силердин чыныгы диктатор экениңерди көрсөтүп турат. Силен демократ эмессиңер", - деди Лукашенко.
Ал ошондой эле АКШнын операциясынын башында Ирандын мектебине америкалыктардын кол салуусун далил катары келтирди. Мектепке жасалган ракеталык сокку 170тен ашык адамдын өмүрүн алган. Пентагон кол салуу боюнча иликтөө баштаган. The Washington Post гезити чалгындоо кызматынын катасы болушу мүмкүн деп билдирди.
"Силер он миңдеген чакырым алыстыкта жайгашкан жана эч кандай коркунуч туудурбаган көз карандысыз, эгемендүү өлкөдөгү мектепти бомбаладыңар", - деди Лукашенко.
Ал ошондой эле, АКШнын саясаты демократия жана адам укуктары эмес, кызыкчылыктар менен аныкталаарын кошумчалады.