www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Беларус президенти Александр Лукашенко Орусиядагы куралдуу козголоң аракети учурунда армияны толук күжүрмөн даярдыкка келтирүү боюнча буйрук берген. Бул тууралуу ал Минск шаарында генералдын погондорун тапшыруу аземинде билдирди.
"Мен армияны күжүрмөн даярдыкка келтирүү боюнча бардык буйруктарды бергем", - деген президенттин сөзүн "Пул Первого" Telegram-каналы жарыялады.
Эскерте кетсек, 23-июнда «Вагнер» жеке аскерий компаниясынын негиздөөчүсү Евгений Пригожин Коргоо министрлигин анын компаниясынын позицияларына сокку урду деп айыптаган.
24-июнь күнү эртең менен ал "Вагнер" аскерлери Ростов-на-Донудагы объектилерди көзөмөлдөп жатканын билдирген. Москва шаарынын жана Москва облусунун аймагында болушу мүмкүн болгон теракттардын алдын алуу максатында антитеррордук операция режими киргизилген.
Кырдаал Беларустун президенти Александр Лукашенко менен "Вагнердин" башчысы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Евгений Пригожин Москвага баруу ниетинен баш тарткандан кийин жөнгө салынган. Азыр анын кайда экени белгисиз.
Ал эми "Коммерсант" гезити кылмыш ишин козгоо чечими жокко чыгарыла электигин, козголоң боюнча тергөө уланып жатканын билдирди.
Булак: NazarNews.kg