www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Беларустун башчысы Александр Лукашенко Минск Евробиримдик менен алаканы үзүүнү каалабай турганын, бирок мындай сценарийге даяр экенин билдирди. Бул тууралуу БЕЛТА жазды.
Мындай билдирүүнү Лукашенко Минск улуттук аэропортунун уюмдарынын кызматкерлери менен жолугушууда жасады.
Лукашенко белгилегендей, азыр Беларус Россия жана Кытай менен кызматташуунун аркасында негизинен “Чыгыштын эсебинен” жашап жатат.
“Бирок биз жогорку технологиялуу Батышты унутпашыбыз керек. Алар жакын жерде, алар биздин коңшуларыбыз – Евробиримдик. А биз алар менен мамилебизди жогото албайбыз”, - деди ал.
Ошол эле маалда Лукашенко Беларус Европа менен мамилесин толугу менен үзүүгө, “бирок өз кызыкчылыктарын эске алуу менен” даяр экенин билдирди.
Беларустун башчысы сүйлөшүү жана мамилелерди, анын ичинде поляктар менен да жакшыртуу керектигин кошумчалады.
Биз кошунабыз, ал эми кошунаны тандабайт, алар Кудайдан. Америкалыктар Польшага кызыккан. Бирок поляктар келесоо эл эмес. Бул биздин эл, славяндар. Алар бардыгын эң сонун түшүнүшөт. Сабыр кылалы, көрөбүз”, - деп жыйынтыктады Лукашенко.
Буга чейин Лукашенко Беларус менен Евробиримдиктин мамилеси “Евробиримдиктин алысты көрө албаган саясатынан” улам эң жакшы мезгилди баштан кечирбей жатканын айткан. Ал акыркы он жылдыкта Минск менен Брюссель кызматташтыгы, өзгөчө соода жана гуманитардык чөйрөдө активдүү өнүгүп жатканын, бул элдердин жыргалчылыгына оң таасирин тийгизгенин баса белгиледи.
Булак: NazarNews.kg