www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Беларустун президенти Александр Лукашенко мамлекеттик жана аскер кызматкерлерин мамлекетке чыккынчылык кылганы үчүн өлүм жазасын, ошондой эле Куралдуу күчтөрдү дискредитациялоо үчүн кылмыш жоопкерчилигин киргизүү боюнча мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин сайтында маалымдалды.
Мыйзам «экстремисттик (террордук) жана мамлекетке каршы кылмыштарга каршы аракеттенүүнү күчөтүү» максатында кабыл алынган.
«Мыйзамда кызмат адамы тарабынан жасалган чыккынчылык үчүн мамлекеттик кызматты ээлеген бардык адамдарга карата кылмыш жоопкерчилигин узартуу каралган. Ошол эле учурда кызмат адамы же аскер кызматчысы тарабынан мамлекетке чыккынчылык кылгандыгы үчүн өзгөчө жаза чарасын – өлүм жазасын колдонуу мүмкүнчүлүгү киргизилет», - деп айтылат билдирүүдө.
Мамлекетке каршы кээ бир кылмыштар үчүн кошумча 50 миң базалык бирдикке чейин айып пул салынат (бул жылы базалык сумма 37 беларусь рубли; айып 1,85 миллион беларус рублине чейин же 732,4 миң доллардан ашат).
Мындан тышкары жарандар терроризмди пропагандалаган, аскер кызматкерлеринин беделин түшүргөн жана “мамлекеттик сырды сактоо талаптарын бузган” деген айып менен да жоопко тартылат.
Мындан тышкары, мамлекетке чыккынчылык, кутумчулук же «мамлекеттик бийликти басып алуу боюнча башка аракеттерге», ошондой эле тыңчылыкка шектелген адамдарды камакта кармоо мөөнөтү үч күндөн он күнгө чейин узартылды.
Ошол эле учурда "эл аралык коргоодон пайдаланган" мекемелерге диверсияга же кол салууга даярданган деп шектелгендер өз ниетинен баш тартышса жана тергөөгө көмөктөшсө, кылмыш жоопкерчилигинен бошотууга ишене алышат.
Өлкөнүн Кылмыш-жаза кодексинин 356-беренесине ылайык, мамлекетке чыккынчылык кылган белорустар дагы 7 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн, ал эми кызмат адамдары жана аскер кызматкерлери 10 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Беларусь - Европадагы жана КМШдагы өлүм жазасын колдонгон жалгыз өлкө. Беларустун мыйзамдарына ылайык, ал аялдарга, 18 жашка чейинки адамдарга жана 65 жаштан ашкан эркектерге берилбейт. Өлүм жазасы, атап айтканда, агрессивдүү согушту тутантуу, чет мамлекеттин өкүлүн же ички иштер органынын кызматкерин өлтүрүү үчүн каралган.
Булак: NazarNews.kg