www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Беларусь лидери Александр Лукашенко эгерде өлкөнүн президентинин көзү өтүп кетсе, бийликтин кайсы колго өтөрү туурасында «Суверенитет жана конституциялык түзүмдү коргоо жөнүндө» деп аталган декретке кол койду. Бул туурасында президенттин расмий сайтында маалымдалган.

«Декрет көз карандысыздыкты жана мамлекеттин суверендүүлүгүн сактоого багытталган», - деп айтылат маалыматта.

Декретте президентке кол салуу, теракт жана тыштан агрессия же башка окуя болуп көз жумса бийликтин Коопсуздук кеңешине өтөрү айтылган.

«Мамлекеттик бардык органдар жана кызматта тургандар Коопсуздук кеңешинин чечими менен иш алып барат. Анын отурумуна премьер-министр төрагалык кылат», - деп айтылган анда.

Мындай кырсык болгон учурда өзгөчө кырдаал жана аскердик абал киргизилип, Коопсуздук кеңеши аны камсыздоо чараларын көрөт. Чыккан чечимдердин бардыгы кыйшаюусуз аткарылууусу керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости