www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Беларустун президенти Александр Лукашенко 25-июнда Орусиянын президенти Владимир Путин жана Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу БелТА жазып чыкты.

Эртең менен Александр Лукашенко орусиялык кесиптеши Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшкөн.

Түштөн кийин Нурсултан Назарбаев менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү болду. Алар эл аралык, аймактагы кырдаалды жана беларус-казак мамилелерин талкуулашты, деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 24-июнда Федаралдык коопсуздук кызматынын коомчулук менен байланыш борбору билдиргендей, социалдык тармактарда "Вагнер" жеке аскердик компаниясынын ээси Евгений Пригожин Россиянын Коргоо министрлиги "Вагнердин" арткы лагерлерине бомба жана ракеталык чабуулдар жасаганын айтып чыккан. 

Россиянын Коргоо министрлиги Пригожиндин тараткан бул маалыматтары чындыкка дал келбейт турганын жана маалыматтык провокация экенин билдирген.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости