www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Львов шаарына ракеталык сокку урулду

Шейшемби күнү Украинанын бир нече шаарлары, анын ичинде Львов, Винница, Николаев, Киев, Одесса жана Днепр орус аскерлеринин ракеталык соккусуна кабылды. Закарпатье жана Кировоград облустары да аткылоого туш болду. Бийликтер каза болгондор жана жарадарлар бар экенин айтууда.

Эң чоң сокку Львовго жана анын айланасына тийгенин "Радио Свобода" кабарлады. Шаар мэри Андрей Садовойдун айтымында, эки электр станциясы катуу жабыркап, калаанын бир бөлүгү жарыксыз калды. Элди суу менен камсыздоодо көйгөйлөр жаралды.

Согуштан улам бир катар мамлекеттердин, анын ичинде Кыргызстандын элчилиги да Киевден убактылуу Львовго көчүрүлгөн.

Закарпатьенин бир нече калктуу конуштары да электр энергиясынан үзүлдү. Согуш башталган эки айдан ашуун убакытта Закарпатьеге биринчи жолу чабуул жасалды.

Украинанын темир жолдорунун башчысы Александр Камышин өлкөнүн борборундагы жана батышындагы темир жол станцияларына алты ракеталык чабуул жасалганын, кеминде 14 поезд каттамы токтотулганын айтты. Анын белгилешинче, кызматкерлер жана жүргүнчүлөр арасында жабыркагандар жок, бирок инфраструктура олуттуу зыян тартты.

Кировоград облусунун Долинская шаары жана Винница облусун көздөгөн ракеталар зениттик коргонуу тарабынан атып түшүрүлдү.

Украинанын бийлиги согуш башталгандан бери Орусия Украинанын аймагына миңдей ракеталык сокку урганын айтууда. Акыркы чабуулдар тууралуу орус тарап азырыча маалымат бере элек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости