www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Буга чейин кайсы инсандар маданият министрлигин көтөрүп келишти эле: Күлүйпа Кондучалова, Чолпонбек Базарбаев, Түгөлбай Казаков, Султан Раев, Ибрагим Жунусов, Рыскелди Момбеков, Садык Шер-Нияз, Нурлан Шакиев, Ибрагим Жунусов, Камила Талиева, Алтынбек Максүтов, Түгөлбай Казаков, Султан Жумагулов, Азамат Жаманкулов, Нуржигит Кадырбеков, Кайрат Иманалиевдер. Негизи маданият министрлиги таланттуу чыгармачыл адамдардын уюткусуна айланган кооптуу тармак. Маданият министри болуп советтик мезгилде эң узак турган Күлүйпа Кондучалова болгон. Узак убакытка жашап Кыргыз эл баатыры болгон Кондучалова. Каскадер Үсөн Кудайбергенов анын жалгыз кызын алган. Аны Сталиндик, Хрущевдук, Брежневдик союз министри Фурцовага салыштырышчу.
Акаевдин учурунда журналист Кемел Белековдун айтуусунда: «Чолпонбек Базарбаев балетте Айсулуу Токомбаеваны миллион ирет көтөрсө да, маданият министрлигин узакка көтөрѳ албады» - дегендей, балет боюнча ааламдын оозун ачырган Чолпонбек Базарбаев да акаевдик министр болгон. Анын бир тууган иниси экс-министр Кудайберген Базарбаев, маданият министрлигинде орун басар болуп турганда эле кыргыз баалуулуктарын ЮНЕСКОдон өткөзүү үчүн Карганбек Самаковдун бутуна бут болгон.
Деги маданият министрлиги акыркы мезгилде «көк бөрүдөгү» улактай болуп, бирде жоюлуп бирде ачылып келатат. Акаевдин заманында бул министрликти Илим, билим министрлигине кошуп салышкан. Түгөлбай Казаков сыяктуулар орун басар катары маданиятты тейлеп турчу.
Маданият министрлигин Бакиевдин заманында жазуучу, драматург Султан Раев тирилтип, узакка беш жыл министр болуп келди. Султан Раев кыргыз элинин бычакка саптуу уулу, «айрандай аппак» аурасы менен, калкынын башына каран түн, кара көлөкө түшкөндө калкып чыга калат. Султан Раев ким султан болсо деле китептерине султан болуп жүрө берет. Ал «Советтик Кыргызстанда» иштеп партиянын ырын да ырдаган. Султан палвандын журналисттик жөндөмдүүлүгүнө караганда жазуучулук жөндөмдүүлүгү жогору. Ал министр болсо деле, министрден түшүп көчөдө калса деле бир калыптан жазбай жүрөт. Бирок кошоматчылардыкы жаман да, ал министр болсо айланчыктап жанынан чыкпайт. Министрден түшөөр менен жерге житип кетишет. Раевдин улуулугу анын бийлигинде эмес, Раевдин улуулугу анын таланттында. Көп чыгармаларынын ичинде Матраимовдорго арнаган саясий портреттер да бар. Ал атагы алыска кеткен Ош жергесинин кулуну. Оштон көз суктанткан сулуулар, ак таңдай улуулар чыкчу. Ош ааламдын оозун ачырган Ломоносов сыйлыгынын лауреаты Султан Раевди берди. Муну кыргыз эли эмес, Орусия Федерациясы да билет. Орусияны гана эмес ааламды көздөй чабыттай бериңиз. Бийлик алмашаар алдында ал министрликти аткаруучу,композитор Ибрагим Жунусовго ѳткѳрүп берген, министрлик кайрадан жоюлган.
Убактылуу ѳкмѳт мүчѳсү журналист Рыскелди Момбеков кайрадан бул министрликти бутунан тургузуп, министрликке айлантуу үчүн кам көргөн. Саясатка аттанган, Рыскелди Момбеков маданият айдыӊына келип, агентчиликте аксап жаткан маданиятты министрлик статуска чейин жеткирген инсан. Министрлик орун канчага талоонго түшсѳ да, бул тууралуу аз ооз ачылат. Жерге жатып калган агентчиликти министрлик кылган Рыскелди Момбеков эмес беле? Ал жерден ѳз каалоосу менен кетип 2010-жылы октябрда СДПК партиясын маалымат каражаттарында шыктандырып, президенттик администрациясынын «жумшак тил жумуру сѳѳктү сындырат» -деп, тил комиссиясын жетектеп калган. Андан соң «асманга тор соккусу келген» атка минерлерден айырмаланып, «Учкун» акционердик коомуна жетекчиликке келет. «Баатыр жол баштайт, чечен сѳз баштайт»-деп коёт кыргызда Рыскелди Момбеков 2015-жылы СДПК менен парламентке келгенде, депутаттын да, чечендин да ролун аткарып келди. Анын чечендиги журналистиканын сырын тереӊ билгендигинде, зордук бийликке каршы таамай сүйлөп келген. Башкысы күжүрмѳн журналист 2010-жылы маданият министрин бутунан тургузду. Бийлик монстрларына моюн толгоп, моментин таап сүйлөп, мончого түшкөндөй тердеткен Рыскелди мырзанын кычкыл сөздөрүн эл сагынды.
2010-жылы жайында Техникалык ѳкмѳттѳ бул министрликти тѳкмѳ акындарды эл аралык деӊгээлге чыгарган Садык Шер-Нияз жетектеп калды. Кыргызды ким чѳгѳлѳтѳ алмак эле, кызыгы, “Дүйнѳдѳ кыргызды эч ким, эч качан чѳгѳлѳтѳ албайт, анткени кыргыз жамбаштап жаткан эл” – деп учурунда Таластын гана эмес кыргыздын чыгаан ойчулу маркум Болот Шерниязов айткан. Анткени, Болот Шерниязов Үзөңгү-Куушту Кытайга сатпоо үчүн парламентте тикесинен–тике туруп берген. Тарых деген тарых Садык Шер-Нияз экинчи ирет министр болууга далалаат кылган. Он үч талапкер «матадорго түшкѳн букадай» болушуп, бири–бирин челип отуруп, акыры тизмеден «ит бекер» чийилип калгандардын арасында техникалык ѳкмѳттүн маданият министри Садык Шер-Нияз да бар эле. Аны депутат Болот Шерниязовдун иниси катары гана тизмеден чийип салышкан. Бул жаӊылыкты уккан депутат Болот Шерниязов мыйыгынан күлүп гана койгон, коррупцияга таянып кийлигишкенде ал андан да чоң кызматка өтүп кетмек. Садык Шер-Нияздин «Курманжан датка» фильмине Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев суктанып, эси ооп эсинен тана элек. Анын Ачекей айылында жасаган ассамблеясы да көпчүлүктүн оозун ачырууда.
Биринчи парламенттик министр катары 2010-жылдын аягында журналист Нурлан Шакиев бул кызматты ээлеген. Албетте, «малдын жайын баккан билет, оттун жайын жаккан билет» - дейт, Нурлан Шакиевдин сырын журналист катары билебиз. Бардыгы өтөт кетет экен, ал эмес күнүмдүк сырларды ааламга ачкан журналистика да, министрлик дагы. Жыйырмага толо элек жаш кезинен эл оозуна алынып, «Учкун» сыяктуу үлкөн гезиттерди жетектеп келген. Мунун таланты, дараметин сезген Бакиевдик бийлик президенттин пресс-секретары кызматына чейин көтөрмөлөгөн. ЭлТР каналын башкарган. Аны кайрадан вице-премьерден ылдыйлаган Ибрагим Жунусов ордун алмаштырган. Эгерде 2010-жылы Ибрагим Жунусов Султан Раевди алмаштырса 2013-жылы мартта Султан Раев Ибрагим Жунусовду алмаштырган.
2014-жылы апрель айында Камила Талиева келген. Учурунда депутат Камила Талиева вице-премьерликке чейин көтөрүлгөн. Камила Талиева жеңин түрүнүп жаңыдан иштей баштаганда анын артынан түшкөн чал Ак үй тарапка Алтынбек Максүтовду баш кылып бир топ адамды өкүртүп коё берет. Ак үйгө алардын өкүрүп келген себеби Камила Талиевага бут тосуу болгон. Ушундан соң бул министрликти «Тозгон казды топтошкон таранчы жок кылат» - дегендей, акыры анын түбүнө ушул Алтынбек Максүтов жетип, 2015 - жылдан министрликти башкарып калат. 2016-жылы Тарых музейинин өрттөлүшү менен анын да иши бүтүп министрликке кайрадан Түгөлбай Казаков келет. Түгөлбай Казаковду маркум Султан Жумагулов 2017-жылы алмаштырат. Анын көзү өткөн соң келген Азамат Жаманкулов 2018–жылы Азамат Капар деген ысым менен ФБдагы талкууга катышып, цирктин директору Исанаевдин көпчүлүктү тажатып бүтүргөн 14 жылдан берки былыктарын угуп бул адамга мөөнөт берип, сакалдуу адам сый менен кетсин деген. Мына плюрализм деген. Министр болсо да талкууга катышканы туура. Мелис Арыпбек деген агабыз бул маданият министрлерин 25 миң доллар менен чычкандай жөргөлөтүп көнүп калган дейт. Дене бой «дүр» эткен, Азамат Капар анын берген «даамынан» ооз тийбесе экен деп. Жаштык деми бар эмеспи Азамат Капар акча үчүн эмес, иш үчүн келгенин бекемдеп кетти. Эл сыяктуу бош убактьарда соцтармактарда отурчу. 2020-жылы октябрдагы башаламандыкта Курмангазы Азыкбаев министр болмокчумун деп жулунуп, араң токтотушкан, Нуржигит Кадырбеков биртке министр болуп, анын ордун Кайрат Иманалиев 2021-жылы ээледи.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg