www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ошто каракчылыкка шектелип 4 бала кармалды

Ош шаарында 17 жаштагы баланы тапанча жана бычак такап коркутуп, тоноого шектелген 4 жаран кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош ШИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Навои атындагы сейил багында эс алып жүргөн М.А. аттуу жарандын 15 миң сомдук Samsung Galaxy A10s үлгүсүндөгү телефонун коркутуп тартып кетишкен.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 202-берене "каракчылык" жана "тоноо" менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

"Окуя боюнча 12-апрелде жабырлануучунун апасы Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнө арыз менен кайрылган.

Ошол эле күнү бул кылмышка шектелип Ош шаарынын 19, 17 жана 18 жаштагы эки тургуну кармалган. Аларды тинтүү учурунда белгисиз үлгүдөгү огу жок пневматикалык тапанча, бир даана маки (бычак), Нокия үлгүсүндөгү телефон жана 1 миң 500 сом табылган. Бул буюмдарга тиешелүү экспертизалар дайындалган. Кылмышка шектүүлөрдүн үчөө убактылуу кармоочу жайга киргизилген. 17 жаштагы баланын жашы жете элек экендиги эске алынып, үй камагына чыгарылды", - деп билдиришти Ош шаардык милициясынан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости